Эл аралык топ: Альазхар университети Куран Карийм жана Набий (с.а.в) сүннөтүнүн тарбиялык кереметтери боюнча эл аралык конкурсун атайын дүйнө жүзүнүн Куран изилдөөчүлөрүнө өткөрөт. Икна Куран маалымат порталы Мухийт маалыматынан кабарлайт: Альазхардын шейхи Ахмад Аттаиб куран карийм менен Набий(с.а.в) сүннөнтүунүн эл аралык илимий конкурстарын жарыялап, бул жылы анын темасы тарбиялык кереметтери деп белгиледи.
1. Адам баласы жан берүүгө жакындаган учурда эң оболу, жаны кыйналбай чыксын үчүн буттарын кыбылага каратып, башын бираз өйдөрөөк кылып, чалкасынан жаткызып коюуну шарият аалымдарыбыз макул көрүшкөн. Ошондо жүзү кыбыланы караган абалда жаткан болот. Экинчи тартиби эгерде оң жамбашы менен жаткызып, жүзүн кыбылага каратып коюлса, сүннөткө амал кылган болуп эсептелинет. Ошол учурда бир адам ыйман келмесин же шахаадат келмесин айт деп мажбурлабастан акырын кулагына угуза айтып олтурулуусу зарыл. Эгерде "Ясин" сүрөсүн билген адам болсо, окуп койгону өтө жакшы болот.
Кыргыз Республикасынын Дин башкармалыгы 2009-жылдагы Меккеге бара турган квоталарды региондор боюнча бөлүштүрдү. Бул тууралуу дин башкармалыгынын пресс-катчысы Толкунбек Арсен уулу билдирди. Май айында Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Мураталы ажы Жуманов Сауд Аравиясына болгон сапарында эки тараптуу келишимдер түзүлүп, 2009-жылкы Меккеге ажылыкка баруу үчүн 4,5 миң кишиге квота бөлүнгөн.
Ислам дининде эр-катындын ажырашуусу үчүн
«талак» деген сөздүн өзү жетиштүү. Бирок укуктук өлкөлөрдүн дээрлик
бардыгында шарияттын бул түшүнүгү роль ойнобойт. Анын ичинде биздин
Кыргызстанда да. Анткени, өлкөнүн Конституциясына ылайык, дин
мамлекеттен ажыратылган. Ошондуктан, үй-бүлөлүк Кодексте да талак
маселеси боюнча эч кандай бөлүк же берене көрсөтүлгөн эмес. Кыска
ойлуулуктун убарагерчилиги
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичишаарчасынын тургуну Искендер мындан үч
жыл муруну мас абалында аялы Гузелге карата «талак» сөзүн иштеткен.
Гузел Ислам дининин амалдарын жакшы кармагандыктан, ошол күнү эле
күйөөсүнүн үйүнөн кеткен. Ортодо балдары болгондуктан, кайрадан чогуу
жашаганды чечишкен. Бирок алардын мындан ары бир жаздыкка баш кошуусу
үчүн аткарышы керек болгон диний шарттар бар эле. Тагыраак айтканда,
Искендер башка аял менен, Гузел башка эркек менен никеден өтүп, алар
менен кайрадан ажырашып, анан гана өздөрүнө кайрадан нике окутушу зарыл
болчу. Шарияттын талабы ушул.